• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттин администрациясында хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын ардактуу конокторуна сыйлыктар тапшырылды

Өкмөт 0

Бишкек, 14.03.24./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өтүп жаткан хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын (III дивизион, “А” тайпасы) ардактуу коноктору менен жолугушту.

Акылбек Жапаров Эл аралык Олимпиада комитетинин мүчөсү, Эл аралык бадминтон федерациясынын вице-президенти Хунинг Патама Лисвадтракулга Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын, ошондой эле Infront Sports жана Media компаниясынын президенти Филипп Пьер Блаттерге, Эл аралык хоккей федерациясынын мүчөсү, Швеция Королдугунун Улуттук Олимпиада комитетинин вице-президенти Андерс Олов Ларссонго, Эл аралык хоккей федерациясынын вице-президенти Айваз Оморкановго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын тапшырды.

«Сиздерге хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионатты өткөрүүгө жана Кыргыз Республикасында хоккейди дүйнөлүк популярдуу спорттун бири катары өнүктүрүүгө колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдирем. Биздин мындан аркы жемиштүү кызматташтыгыбызга кубаттуу энергия кубаты берилди, ал шайбалуу хоккейди дүйнө жүзүндө өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында эң жогорку натыйжаларга жетишүүгө көмөктөшөт», — деди министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Эл аралык Олимпиада комитетинин мүчөсү, Эл аралык бадминтон федерациясынын вице-президенти Хунинг Патама Лисвадтракул меймандостук жана дүйнөлүк чемпионатты уюштурууда жана өткөрүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстанда хоккейди өнүктүрүүгө мындан ары да колдоо көрсөтүүгө жана салым кошууга даяр экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий