• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттин администрациясынын кызматкерлери өлкө ишкерлери менен бизнес жүргүзүү боюнча маселелерди талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын кызматкерлери Эл аралык ишкерлер кеңеши (ЭИК) менен биргеликте Баткен, Ош, Жалал- Абад, Талас, Ысык- Көл, Нарын облустарында чакан жана орто бизнес өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүштү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Бул жолугушуулардын башкы максаты - өлкөбүздүн алыскы тоолуу аймактарындагы ишкерлер үчүн маанилүү болгон орчундуу маселелерди талдоо. Жолугушуулардын жүрүшүндө чакан жана орто бизнес чөйрөсүнө көмөк көрсөтүү, аймактарды жана өлкө экономикасын өнүктүрүү боюнча жалпы ойлор айтылып, алгылыктуу сунуштар каралды.

Жолугушуулардын жүрүшүндө ишкерлер көйгөйлүү маселелери тууралуу айтып беришти.Маселен, бизнести түптөөдө жана аны өнүктүрүүдө маанилүү болгон каржы маселеси, жер тилкелерин трансформациялоо, жүк ташуу, өндүрүлгөн продукцияны сатуу, энергетикага, жергиликтүү бюджеттин каражаттарына, жергиликтүү бийлик органдарына байланыштуу маселелер козголду.

Мындан тышкары, ветеринардык инспекция, ижарага берилген талаш- тартыш жайыт жерлер кыйынчылык жаратууда. Уруксат документтерин алууда бюрократиялык тоскоолдуктардын жаралышынан улам Бишкек шаарына жана башка шаарларга барууга туура келгендигин да баса белгилеп жатышты.

Жүндү жана булгаарыны иштетүү курч маселелердин бири экендигине токтолушту. Себеби тоолуу аймактарда ишкерлердин негизинен мал чарбачылыкка байланыштуу ишкердик жүргүзө тургандыгы бышык.

Аймактарды өнүктүрүү фонддоруна тоо-кен иштетүүчү компаниялар тарабынан түшүп жаткан каражаттарды натыйжалуу пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Бул каражаттарды аймактардагы ишкердикти колдоо жана жаңы жумушчу орундарын түзүү үчүн колдонуунун зарылдыгы ишкерлер тарабынан белгиленди.

Мындан тышкары, ишкерлер каржы маселелери боюнча сабаттуулугун жогорулатууну шарттаган тренингдерди уюштуруу керектигине да токтолуп, мындай сабактар аймактарды өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын туура пайдаланууну үйрөтөт эле деген каалоолорун билдиришти.

Талкуулардын жүрүшүндө айтылган сунуштар ишкерлерге көмөк көрсөтүү жана аймактардын экономикасын өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча келечек пландарды иштеп чыгууда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан эске алынат жана каралат.

Белгилей кетсек, бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун өлкөнүн бизнес коомчулугу жолугушуусун улай өткөрүлдү. Өлкөнүн министрликтери менен ведомстволорунун алдына инвестициялык климатты жана республикадагы бизнес- чөйрөнүн абалын жакшыртуу милдеттери коюлду.

Пикир

Оставить комментарий