• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда айдоочу рулду башкара албай бир адам каза болуп, үчөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Жалал-Абадда айдоочу рулду башкара албай бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 12-августта Чаткал районуна караштуу Ак-Таш айылынын Кызыл-Алма тилкесиндеги Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 8-9-чакырымында Volkswagen-Golf-3 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1976-жылы туулган Ж.З. аттуу жүргүнчү жеринде каза болгон. Айдоочусу жана эки жүргүнчүсү ар кандай жарааты менен Чаткал райондук ооруканасына жеткирилген.

Кырсык болгон жерге Чаткал райондук ӨКБнөн 4 куткаруучу тартылды.

Пикир

Оставить комментарий