• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын курулушун атамекендик компания жүргүзөт

Президент 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын курулушун атамекендик «TS Group» компаниясы жүргүзөт, - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Президенттин иш башкармалыгы билдиргендей, азыркы учурда жаңы имарат куруу үчүн алмаштырыла турган 16 га аянттагы жер тилкеси боюнча кошумча комиссиялык баа (экспертиза) жүргүзүлүүдө.

Эгер, 16 гектар жердин баасы административдик имараттын иш жүзүндөгү наркынан ашып кетсе, курулуш компаниясы башка зарыл объектилерди куруу боюнча кошумча кызматтарды көрсөтөт.

Белгилей кетсек, 16 гектар жерге шаардын азыркы планына интеграцияланган, өнүккөн инфраструктурасы бар заманбап көп функционалдуу комплекс курулат».

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде КР президентинин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна капсула салынган.

Пикир

Оставить комментарий