• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттин басма сөз катчысы Болот Темировдун сабалышы боюнча комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 09.01.20. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте "FactCheck" порталынын башкы редактору Болот Темиров белгисиз үч адам тарабынан сабалган. Бул окуя боюнча президенттин басма сөз катчысы, президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева комментарий берди.

"Бул факт укук коргоо органдары тарабынан каралат деп ишенем. Ал окуя анын кесиптик ишине тиешелүү болбосо да, ар бир кылмыш ачылып, ар бир жаран корголууга укугу бар. Бул боюнча укук коргоо органдарынан маалымат алабыз", - деди ал.

Аны менен бирге ал, президент сөз эркиндигин колдорун айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий