• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Пригородное айылындагы абал: Өздөрүн өрттөйбүз деген аялдар имараттан чыгышты

Коом 0

Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Пригородное айылындагы өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган аялдар айыл өкмөтүнүн имаратынан чыгышты.

Аялдардын биринин айтымында, алар премьер-министр Улукбек Марипов менен жолукту.

“Өкмөт башчы ишемби күнү саат 10:00дө бардык компетенттүү органдардын катышуусунда жыйын өткөрүүнү убада кылды”, - дейт ал.

Алар насыянын ченинин 3%дан жогору болбошун, ошондой эле насыя алуучулардан жалгыз турак жайды тартып албоону талап кылышты. Аны менен бирге калкка берилген насыяларды кечип салууну же бир жылга насыялык каникулду суранышты.

Митингчилер эгер бийлик талаптарды аткарбаса, анда дагы бир нерсе ойлоп табабыз деп коркутушту.

Эскерте кетсек, буга чейин Чүйдүн Пригородное айылындагы айыл өкмөтүнүн имаратында аялдар өздөрүнө бензин куюп, өрттөйбүз деп коркутуп жаткандыгы айтылган.

Пикир

Оставить комментарий