• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дыйкандар жер семирткичтер менен жетиштүү көлөмдө камсыздалууда – Айыл чарба министрлиги

Коом 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан дыйкандарды жер семирткичтер менен камсыздоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында аталган министрликтин башчысынын орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жер семирткичтер жетиштүү көлөмдө. “Министрлик кыштан тарта эле жер семирткич маселесин карай баштаган. Ага ылайык, жер семирткичтерди ташыган он ишкана биригип ассоциация түзүлгөн. Азыркы убакта ошол ассоциация өлкөнүн дыйкандарын жер семирткичтер менен камсыздоо”, - деп кошумчалады ал.

Керималиев белгилегендей, азыркы учурда жалпысынан 71 миң тонна жер семирткичи алынып келинген. “Бул жазгы таалачылык иштерин жүргүзүүгө жетиштүү. Дыйкандар тарабынан бүгүнкү күндө 31,5 миң тонна жер семирткичтер сатып алынды. Дагы 40 миң тоннага жакын жер семирткичтин запасы бар. Бирок, белгилеп кетчү жагдай, жер семирткичтер былтыркыга караганда 2 сомго кымбаттады. Мисалга, мурда аммиак селитрасынын баасы 19 сом 50 тыйын болсо, азыр 22 сомго чейин жетип атат. Ал эми карбамид 21,5 сом болсо, азыр 23 сомдон сатылууда”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий