• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү жогорку темпте жүрүүдө - Айыл чарба министрлиги

Коом 0

Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Айыл чарба министрлигинен Кыргызстан боюнча жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү жөнүндө айтып беришти.

Маалыматка ылайык, быйыл жазгы талаа иштери былтыркы жылга караганда эки жумага эрте башталып, республиканын бардык облустарынын айыл чарба субьектилеринде жазгы-талаа жумуштарынын жүрүшү отчеттук күнгө карата жакшы темпте өтүүдө.

Жер айдоо иштери дагы өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда алдыда жүрүүдө, республика боюнча 330,4 миң га жер айдалган, белгиленгендин 52,1 %ын түзөт, же өткөн жылдын деңгээлине караганда 47,7 миң га көп болду.

Кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү былтыркы жылга салыштырмалуу жогорку темпте жүрүүдө. Республика боюнча 203,2 миң га себилип, тапшырма 66,0 % аткарылып, 2019-жылга караганда 27,7 миң га көп эгилди.

Алардын ичинен жазгы буудай белгиленген 114,3 миң га 68,7 миң га аянтына себилип, тапшырма 59,7 %, аткарылып, же өткөн жылга караганда 16,8 миң га көп себилген.

Жазгы арпа боюнча жалпы 193,4 миң га тапшырманын 134,9 миң га себилип, тапшырма 69,7 % аткарылып, өткөн жылга караганда 10,9 миң га көп.

Ошондой эле, картошканы отургузуу 10,0 миң га жүргүзүлдү, же тапшырма 14,0 % түзүп, 2019-жылга караганда 2,9 миң га көп.

Жашылча 12,0 миң га жерге себилип, тапшырма 22,3 % аткарылып, өткөн жылга караганда 2,2 миң га көп отургузулду.

Кант кызылчасы 4,9 миң га отургузулуп, тапшырма 35,8 % аткарылды. Ал эми, май өсүмдүктөрү болсо 8,0 миң га эгилип, тапшырма 31,5 % аткарылып, өткөн жылдан 3,3 миң га көп.

Бакча өсүмдүктөрү – 1,5 миң га эгилип, тапшырма 13.3 % аткарылды.

Чанактуу өсүмдүктөр-430,0 га жерге себилип, тапшырма 0,7 % аткарылды.

Жүгөрү – 20,9 миң га жерге себилип, тапшырма 11,7% аткарылып, 2019-жылдан 9,3 миң га көп болду.

Пахта Жалал-Абад, Ош облустарында 3,8 миң га себилип, өткөн жылдан 800 га көп.

2020-жылдын түшүмү үчүн 141,5 миң гектар жерге күздүк буудай, 12,6 миң гектарга арпа себилген. Жазгы талаа иштерин өткөрүүгө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн себүү кондициясына 84 % жеткирилет. Бүгүнкү күнгө айыл чарба өсүмдүктөрү үрөн: буудай-арпа менен 95,0 пайызга камсыз болду.

Күзгү кылкандуу дан эгиндеринин 88,5 миң га жер аянттары азоттук жер семирткичтер менен азыктандырылган, же белгиленген тапшырма 92,0 %, аткарылды.

Жетишпеген үрөндөр жер-жерлерден түшкөн буйрутмаларга ылайык, мамлекеттик үрөн фондусунда топтолгон жаздык буудай, арпанын, жүгөрүнүн, картошканын, эспарцет жана беденин үрөндөрү дыйкандарга товардык насыя катары бөлүнүп берилип жатат. Мындан тышкары дотация системасы аркылуу буудай, арпа жана жүгөрүнүн үрөндөрү берилип жатат.

Айыл чарба техникаларынын ремонту боюнча бардык облустарда тракторлорду, себүүчү жана жер иштетүүчү айыл чарба техникаларынын ремонту 88%ды түзөт, кээ бир аймактарда 90% болду. Бүгүнкү күнгө 106 даана техника лизингге берилди.

«Айыл-Банк» ААК, РСК-Банк жана башка республиканын коммерциялык банктары аркылуу айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө акчалай насыялар берилүүдө.

2020-жылдын 6-апрелине карата жалпы 525,0 млн сом жеңилдетилген насыя берилген, анын ичинен «Айыл-Банк» ААК аркылуу - 272,5 млн сом, РСК-Банк аркылуу 252,5 млн сом насыя берилди.

Пикир

Оставить комментарий