• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте коменданттык саатты бузган 66 жаран кармалган

Коом 0

Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Бишкекте коменданттык саатты бузган 66 жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендатурасынан билдиришти.

Кармалгандардын 58и эркек, 8и аял киши.

"Аларга карата "Өзгөчө абал тууралуу" мыйзамынын 28-беренесине ылайык 66 протокол түзүлдү. Кармалгандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң алар үйүнө коё берилген", - деп билдиришти комендатурадан.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий