• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Пробация департаментинде окуу-методикалык бөлүм түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. КР Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинде окуу-методикалык бөлүм түзүлдү. Бул тууралуу аталган департаменттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө бөлүмдүн материалдык-техникалык базасын түзүү аяктоодо. Жаңы окуу-методикалык бөлүмдө пробация органдарынын адистери өздөрүнүн кесиптик билимин жогорулатууга жана пробация чөйрөсүндөгү эл аралык тажрыйба менен алмашууга, пробациянын кардарлары менен иштөөнүн социалдык-психологиялык өзгөчөлүктөрүн иликтөөгө мүмкүндүк ала тургандыгы каралган. Ошондой эле Пробация департаменти менен өз ара иш алып барган мамлекеттик органдардын кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу каралган.

Кыргыз Республикасынын президенти 2020-жылды – Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялаган. Ушуга байланыштуу, бул бөлүмдө мыйзамды бузган балдар үчүн семинарлар жана тренингдер өткөрүлө тургандыгы жөнүндө чечим кабыл алынды. Балдарды лидерлик көндүмдөрүнө, чыр-чатактарды чечүүгө, ар кандай жааттагы билим деңгээлин жогорулатууга жана социалдык-маанилүү оорулардын алдын алууга үйрөтүү пландаштырылууда.

Пробация департаментинин окуу-методикалык бөлүмүнүн жабдылышына колдоо көрсөтүүчү "Инсан мууну" коомдук фонду болду.

Мындан тышкары, коомдук фонд департаменттин конференц-залын керектүү офистик жабдуулар менен камсыз кылууга колдоо көрсөттү.

Белгилей кетсек, Пробация департаменти 2020-жылдын 25-февралынан тарта кызматташтык тууралуу меморандумдун алкагында "Инсан мууну" коомдук фонду менен кызматташууда. Жашы жете элек пробациянын кардарларын кайра социалдаштыруунун кесиптик стандарттарынын киргизүү боюнча, коомдук-маданий иш-чараларды уюштуруу, мыйзам менен келишпестиги бар балдар менен иштөө боюнча психологдор жана социалдык кызматкерлер үчүн окуу куралдарын жана колдонмолорду иштеп чыгуу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүүдө.

Ошол эле учурда өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу, кызматкерлерди департаменттин окуу-методикалык бөлүмүнө жумушка алуу Мамлекеттик кадр кызматынын ишин калыбына келтиргенден кийин пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий