• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Прокуратура органдарынын ардагери Леонид Торопов көз жумду

Коом 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары оор жоготууга учурады.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 2023-жылдын 26-апрелинде прокуратура органдарынын ардагери, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси Торопов Леонид Михайлович 88 жаш курагында көз жумду.

Леонид Михайлович 1935-жылдын 25-февралында Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1970-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин “укук таануу” адистиги боюнча аяктап, Кыргыз ССРнин Калинин райондук прокуратурасында стажер катарында эмгек жолун баштаган.

“Кесиптешибиз көзөмөл органында жалпысынан 31 жылдан ашуун эмгектенип, аталган жылдар аралыгында Башкы прокуратурада, Фрунзе шаардык жана Кант, Биринчи Май, Сокулук райондук прокуратураларында прокурор, прокурор-криминалист, тергөөчү кызматтарын аркалаган.

Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын жалпы кызматкерлери маркумдун туугандарына жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий