• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Республика боюнча коронавирус илдетинин алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Республика боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 22-июнь күнү өлкө боюнча 35 683 м2 имараттын ичи, 352 379 м2 имараттын сырты, жалпы 388 062 м2 аймак жана 381 600 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 173 куткаруучу тартылган.

Маселен,

Чүй облусунунда 800 м2 имараттын ичи, 42 000 м2 имараттын сырты жана 63 400 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 425 кг хлор колдонулду;

Нарын облусунда 930 м2 имараттын ичи жана 51 500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 69 кг хлор колдонулду;

Талас облусунда 82 100 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 375 кг хлор колдонулду;

Ысык-Көл облусунда 23903 м2 имараттын ичи, 203 229 м2 имараттын сырты жана 114 100 погондук авто унаа жолдор дезинфекцияланып, 489 кг хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 1050 м2 имараттын ичи, 4250 м2 имараттын сырты дезинфекцияланып, 9 даана хлор таблеткасы колдонулду;

Ош облусунда 4700 м2 имараттын ичи, 65 900 м2 имараттын сырты жана 29 000 погодук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 700 кг хлор колдонулду;

Баткен облусунда 1600 м2 имараттын ичи, 10 700 м2 имараттын сырты жана 23 500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 42 литр суюк хлор колдонулду;

Бишкек шаарында 2700 м2 имараттын ичи, 26 300 м2 имараттын сырты жана 18 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 11 литр суюк хлор колдонулду.

Белгилей кетсек, залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий