• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Росинбанкты” кайра жандандыруунун биринчи этабы ийгиликтүү аяктады – Абдыгулов

Экономика 0

Бишкек, 26.02.19. /Кабар/. “Росинбанк” ААКты кайра жандандыруунун биринчи этабы ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов кабарлады.

Ал билдиргендей, Улуттук банк капитализацияны аяктады.

“Учурда банктын кийинки тагдыры каралып жатат. Банкты сатуу же дагы капитализациялаштыруу тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин биз маалымат беребиз”, - деди ал.

Абдыгулов баса белгилегендей, кайра жандандыруунун биринчи этабы ийгиликтүү аяктады. Банк өзүнүн ишин 100% аткарып жатат.

“Росинбанктын” капиталы 1 млрд. 480 млн. сомду түзөт. Акыркы капитализация 617 млн.сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий