• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Улуттук банк сомдун курсун кармаган жок – Абдыгулов

Экономика 0

Бишкек, 26.02.19. /Кабар/. Улуттук банк сомдун курсун кармаган жок, болгону валютанын кескин өзгөрүүлөрүн түздөп жатат. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын төрагасы "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.

Ал, Дүйнөлүк банк Кыргызстанга улуттук валюта курсун кармап турбашын сунуштаганы боюнча суроого жооп берип жатып, КРда сомдун эркин курста экенин айтты.

"Мен бир нече ирет Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрү менен жолуккам жана бир нече ирет, Кыргызстанда өкмөт менен Улуттук банк тандаган валютанын эркин тартибин 20 жылдан ашык карманып келерибизди айткам. Башкача айтканда, Улуттук банк улуттук валютанын өсүшү же азайышы сыяктуу кескин өзгөрүүлөр болгондо гана интервенция жасайт", - деди ал.

Ал кошумчалагандай, курсту бирөө-жарым белгилейт деген пикир туура эмес.

"Анткени, 2 млрд. доллар алтын кору бар өлкө курсту белгилей алабы деген суроону мен да ойлогом. Ишин жаңы баштаган экономист да ал мүмкүн эмес экенин айтат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий