• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дагы интервенция. Бул ирет Улуттук банк 5,8 млн доллар сатты

Экономика 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 26-ноябрь күнү Улуттук банк валюта рыногунда дагы бир ирет интервенция жасап, 5 млн 800 миң доллар сатты (бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен).

Ушуну менен Улуттук банк ноябрь айында тогузунчу жолу интервенция жасады. Ал эми жыл башынан бери Улуттук банк валюта рыногунда 24-ирет интервенция жасап жатат.

Белгилей кетсек, акыркы жумаларда Кыргызстанда доллардын курсу 85 сомдун тегерегинде болууда.

Пикир

Оставить комментарий