• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду "Куланак" ГЭСин курууга 44 млн доллар бөлөт

Экономика 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду нарын облусундагы "Куланак" ГЭСин курууга 44 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ГЭСтин курулушун каржылоо Москвада өткөн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңешинин жыйынында жактырылды.

Жыйынга КР финансы министри Алмаз Бакетаев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиков катышты.

"Куланак" ГЭСинин курулушуна аталган фонддон 44 млн доллар бөлүнөт. Бул долбоор Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана өлкөдөгү энергетикалык тартыштыкты 18%га кыскартууга жардам берет. Курулуш мезгилинде 770, объект пайдаланууга берилгенден кийин 97 жумушчу орун түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, РКӨФ Чүй облусунун аймагына жаңы заманбап цемент заводун курууга 45 млн доллар бөлөт.

Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү болгон эки долбоорду каржылоого 89 млн АКШ долларын бөлүү жактырылды. Насыя берүү жеңилдетилген негизде жүргүзүлөт. Жалпысынан РКӨФ 250 млн АКШ долларына чегерилген долбоорлорду кажылайт.

Пикир

Оставить комментарий