• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россия Кыргызстан менен ар кандай форматтагы кызматташууга даяр – элчи

Саясат 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Россия Кыргызстан менен ар кандай форматта кызматташууга даяр. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 13-ноябрда, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын башчылары, ошондой эле Кыргызстанда аккредитацияланган чет мамлекеттердин ардактуу консулдары менен жолугушту.

Удовиченконун айтымында, Россия баардык тармактарда, биринчи кезекте экономикалык өз ара аракеттенүү жаатында кызматташууну динамикалуу улантуу үчүн диалог курууга даяр.

"Айың кептерге ишенбей фактыларга таяналы. Күн мурун Жапаров Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Москвада жолугушууларды өткөрүүдө. Бул жагдайлар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамиле начарлады деген сөздөрдү четке кагат. Кыргызстан мыйзамдын чегинде туруктуу өнүгүү жолуна түштү деп эсептейбиз. Биз ар кандай форматтагы кызматташууга даярбыз", - деди элчи.

Пикир

Оставить комментарий