• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчилик: Якутияда каза болгон кыргызстандыктар жергиликтүү мусулмандардын көрүстөнүндө жерге берилген

Коом 0

Бишкек, 10.07.20. /Кабар/. КРнын Россиядагы элчилиги Якутияда каза болгон кыргызстандык жарандар тууралуу маалымат таратты.

Массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда “Кыргызстан жана Тажикстандан келген мигранттардын массалык түрдө көмүлгөн жерди Якутияда табылгандыгы" тууралуу маалымат тарагандыгына байланыштуу КРнын Россиядагы элчилиги төмөнкүлөрдү билдирет:

"Аталган маселе элчиликтин көзөмөлүндө турат. Белгиленген жерде беш кыргызстандыктын сөөгү көмүлгөн. Алардын ичинен төртөө - КРнын жарандары жана бирөө – Кыргызстанда төрөлгөн Россия Федерациясынын жараны.

Жарандардын сөөктөрүн көмүүгө тийиштүү уруксат кагаздары жана документтери бар. Сөөк көмүлгөн жер жергиликтүү мусулмандардын көрүстөнү болуп саналат. Көрүстөндүн аймагы өз убагында тосулган калган.

Азыркы учурда Саха Республикасынын (Якутиянын) Мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан көрүстөндүн аймагында оңдоо иштери жүргүзүлүп, таштандылар чыгарылды.

Саха Республикасынын (Якутиянын) Мусулмандарынын дин башкармалыгы көрүстөндүн аймагына ар дайым кам көрүү тууралуу жана аймактык мүчөлүк боюнча документтерди тапшыруу чечимдерин жарыялады".

Пикир

Оставить комментарий