• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Россиядагы элчилик кыргызстандыктарды согуштук аракеттерге катышуудан оолак болууга чакырды

Коом 0

Бишкек, 21.09.22. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги РФнын аймагында убактылуу жашаган КР жарандарын согуштук аракеттерге жана куралданган кагылышууларга катышуудан оолак болууга чакырды.

"Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасы тарабынан Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө үчүн контракт түзгөн чет өлкөлүк жарандардын Россиянын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен алуусун караган мыйзам актыларынын кабыл алынышына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги Россия Федерациясынын аймагында убактылуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралданган кагылышууларга катышуусунда кылмыш-жаза жоопкерчилиги белгиленгенин эскертет", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта айтылгандай, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан учурда, мүлкүн конфискациялоо менен он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

"Кыргыз Республикасынын жарандарына кандайдыр бир согуштук аракеттерге катышууга чакыруу келип түшкөн учурда элчилик Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө токтоосуз кайрылууну өтүнөт", - деп кошумчалашты элчиликтен.

Пикир

Оставить комментарий