• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Россиялык ректорлор союзунун президенти Виктор Садовничий Жээнбековго ыраазычылык билдирди

Коом 0

Бишкек, 27.03.19. /Кабар/. Россиялык ректорлор союзунун президенти Виктор Садовничий Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго Бишкектеги кыргыз-орус ректорлорунун I форумунун мыкты уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Форумдун пленардын жыйынында сөз сүйлөп жатып, ал эки өлкөнүн илимий жамаатарынын ортосундагы диалогдун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

“Бул форум эки өлкөнүн илимий коомчулугу үчүн маанилүү иш-чара жана Россия менен Кыргызстан билимге кандай маани берип жаткандыгын көрсөтөт”, - дейт Садовничий.

Орус делегациясынын атынан ал Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду ушул диалог аянтын уюштуруп жана өзү келип катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Биз Сооронбай Шарипович Жээнбековго биздин форумдун ишине катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз”, - деди ал.

Андан тышкары ал өзүнүн кыргыз кесиптештерине да рахмат айтты.

Пикир

Оставить комментарий