• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Роза Отунбаева: Билим берүү тармагына бюджеттин 25% бөлүнөт, бирок натыйжа жок

Коом 0

Бишкек, 15.05.18. /Кабар/. Кыргызстанда билим берүүгө өлкөнүн экономикасынын 25% бөлүнөт, бирок натыйжа жок. Бул тууралуу биринчи улуттук балдарды эртелеп өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана кесипкөйлөштүрүүнүн келечеги аттуу форумдун жүрүшүндө КР экс-президенти, “Роза Отунбаеванын демилгелер” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева билдирди.

Отунбаеванын айтуусунда, бүгүнкү күндө жакырчылыктын алдын алуу үчүн 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүү керек, анткени дал ошол жашта пайдубал калыптанат.

“Бүгүн абдан маанилүү күн. Биз 5-6 жылдын ичинде көп нерсе жасадык, балдардын эрте өнүгүүсү – бул биздин билим берүүдө артыкчылыктуу. Кыргызстандын бюджетинин 25% билим берүүгө кетет, Японияда болсо ал үчүн 3% бөлүнөт, Европада – 6%. Бизде 25% жана биз бул менен сыймыктанабыз, бирок натыйжа жок”,-деп билдирди ал.

Отунбаеванын айтымында, Совет мезгилинде балдардын 30% бала бакчага барчу, анткени алардын ата-энелери күнү-түнү дебей фабрика, заводдордо эмгектенишкен.

“Бүгүнкү күндө биз араң гана 30% жетип жатабыз. Биз элдерге эмне үчүн балдардын эрте өнүгүүсү маанилүү экендигин түшүндүрүшүбүз керек. Бизди илим алдыга жылдырды. Окумуштуулар билдиргендей, баланын 80% мээси 3 жашка чейин калыптанат, биз бул мезгилди колдон чыгаруудабыз. Мисалга, Казакстанда балдардын 75% мектепке чейинки мекемелерге барышат”,-деп билдирди экс-президент.

Андан тышкары, ал кыргыз тилиндеги адабияттардын жетишсиздигин айтып, бул көйгөй болуп санала турганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий