• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Сүйүн Өмүрзаков өлкө түштүгүндөгү ИИМдин күч түзүмдөрү менен жыйын өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 12.01.21. /Кабар/. Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков өлкөнүн түштүгүндөгү ИИМдин күч түзүмдөрү менен жыйын өткөрдү, - деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-январда Сүйүн Өмүрзаков Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын имаратында Ош ОИИБдин, Ош ШИИБнын, ИИМдин Баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын Түштүк аймактык башкармалыгынын, ИИМдин Ош облусу боюнча транспорттук милиция бөлүмүнүн, Э.Алиев атаындагы жогорку окуу жайынын Ош шаарындагы филиалынын, Ж.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун Ош шаарындагы бөлүмүнүн, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Оштогу 3-батальонунун, ИИМдин Ички аскерлеринин Ош шаарындагы №703-аскер бөлүгүнүн жетекчилери менен кезектеги жыйын өткөрдү.

Жыйында министрдин орун басары алгач жыйындын катышуучуларын ички иштер министри Улан Ниязбековдун атынан шайлоо учурунда өздөрүнө коюлган коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин так аткаргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Шайлоо иш-чарасы былтыркы шайлоого караганда тынч жана тиешелүү талаптарды сактоо менен өткөндүгүн, жалпы өздүк курам коомдук тартипти камсыз кылып, анын натыйжасында коомдук жайларда одоно тартип бузууларга жол берилген жок. Шайлоо иш-чарасы жаңы жылдын башталышына туш болуп, жаңы жылда үйдө эмес, шайлоо участокторунда жана жооптуу аймактарда жүктөлгөн милдеттерди татыктуу камсыз кылып бердиңиздер. Ошондуктан, сиздерге, жалпы өздүк курамга ички иштер министри Улан Омокановичтин жана жеке өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем”,- деди Сүйүн Өмүрзаков.

Андан ары Өмүрзаков ар бир бөлүм жана кызматтардын жетекчилеринен кылмыштуулук менен күрөшүүдө аткарылып жаткан жумуштардын абалы боюнча сурады. Ачылбай жаткан кылмыштарды ачуу боюнча тийиштүү иш-чараларды күчөтүүнү талап кылды.

Өздүк курамга ар тараптуу шарттарды түзүү боюнча министрлик тараптан иштер тынымсыз жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдады. Ошондой эле санитардык-эпидемиялогиялык эрежелерди так сактап, коргонуучу каражаттарды колдонууну, өздүк курамдын ден соолугуна жакшы көӊүл бурууну эскертти.

Пикир

Оставить комментарий