• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сүлүктүдө Товарная жана Кош-Булак аймактарында социалдык азык-түлүк текчеси ачылды

Аймак 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Сүлүктү шаарынын Товарная жана Кош-Булак аймактарында аз камсыз болгон, калктын аярлуу катмарындагы адамдарга гуманитардык жардам кѳрсѳтүү максатында азык-түлүк текчеси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азык-түлүк текчесинин ачылыш аземине шаар мэри Максат Кадыркулов, шаардык кеңештин төрагасы Кубанычбек Мадаминов, шаардык кеңештин депутаттары жана шаарыбыздагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Аземге катышкандар жана башка кайдыгер эмес тургундар акциянын башталышына карата кайрымдуулук кылуу максатында текчени азык-түлүк жана башка тиричилик буюмдары менен толукташты.

Сүлүктү шаарынын мэриясы кайдыгер эмес тургундарды мүмкүнчүлүккө жараша ушул текчени толуктап турууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий