• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19дан кийин бир жылдын ичинде кант диабетине чалдыгуу ыктымалдыгы 40% жогору

COVID - 19 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. COVID-19дун курч фазасында углеводдун алмашуусунун бузулушу бейтаптардын арасында көп байкалат, бул кант диабетинин өрчүшү үчүн өтө коркунучтуу болуп саналат. Бул изилдөө тууралуу илимпоздор «The Lancet Diabetes and Endocrinology” эл аралык журналына билдиришти.

Оорунун алгачкы 30 күнүн өткөргөн 180 миңден ашуун SARS-CoV2ге чалдыккан бейтаптпр 352 күн бою окумуштуулар тарабынан көзөмөлдөнгөн. Белгилей кетсек, алардын бири дагы мурда кант диабети менен ооруган эмес. Изилдөөлөрдүн маалыматтары кант диабети көбүрөөк аныкталган COVID-19 менен ооруп айыккан байкоо тобу менен салыштырылган.

Ошондой эле, кант диабети курагы 65 жаштан ашкан, жүрөк-кан тамыр оорулары, ашыкча салмак же семирүүдөн жабыркаган адамдарда көбүрөөк аныкталган.

Бирок изилдөөнүн маалыматтары боюнча кант диабети менен ооруп калуу коркунучу төмөн адамдарда кант диабети менен ооруп калуу ыктымалдыгы өсүүдө.
Айрым окумуштуулар кант диабетинин пайда болуу тобокелдигинин өсүшү автономдук дисфункциянын өнүгүшү, иммундук системанын дисбалансы, аутоиммундук агрессия, вирустун көбөйүшүнүн фонунда өнөкөт сезгенүү менен байланыштуу деп эсептешет. Башкалары, ковидди башынан өткөргөндөн кийин жашоо образын өзгөртүүгө байланыштырышат.

Кандай болсо да, аныкталган көйгөй медициналык коомчулуктун көңүл буруусуна татый турганын эксперттер айтышууда.

Пикир

Оставить комментарий