• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунун башчысы Нурил Алымбаев Ысык-Ата районунун эли менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-апрелде президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев Кант шаарындагы А.Тойтоев атындагы маданият үйүндө Ысык-Ата районунун эли менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда жергиликтүү тургундар тарабынан турак жай курууга жер тилкесин алуу, айыл чарба жерлерин трансформациялоо, жол, суу, бала бакча маселелери көтөрүлдү.

Облус жетекчиси көтөрүлгөн маселелердин айрымдарына жеринен жооп берип, убакыт талап кылынган суроолор, маселелер көңүл сыртында калтырылбай, өз убагында жооп бериле тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий