• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштогу бала бакчадагы кыздын сабалышы боюнча тергөө иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Оштогу бала бакчадагы кыздын сабалышы боюнча тергөө иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде Ош шаарынын 1987-жылы туулган тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда анын 2016-жылы туулган кызын Ош шаарынын И. Раззаков көчөсүндө жайгашкан «Жасмин» балдар бакчасынын кызматкери 5-апрелде уруп, денесине залал келтиргендигин билдирген. Арыз ээси кызматкерге кара тиешелүү чара көрүүнү суранган.

Аталган арыз Кыргыз Республикасынын жоруктар тууралуу кодексинин 119-беренеси ("майда бейбаштык") менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Факт боюнча окуя болгон жерге Ош шаардык ички иштер бөлүмүнөн ыкчам тергөө тобу барып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, кызматкерлер суралган.

Кыздын алган жаратын аныктоо максатында тиешелүү соттук-медициналык жана психолого-психиатриялык экспертизалар дайындалган.

Шардык милициядан кошумчалашкандай, азыркы учурда бул экспертизалардын корутундусу тергөө кызматына келе элек.

"Жабырлануучу тарап күнөөлөп жаткан аталган бакчанын кызматкери жаш балага карата эч кандай зомбулук көрсөтпөгөнүн, урбаганын айтууда", - деп билдиришти милициядан.

Учурда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши уланууда. Атайын экспертизалардын корутундусуна ылайык, тергөө иштери ар кандай өӊүттө уланышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий