• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

СӨМ 40,3 млн сомго Бирдиктүү электрондук почта системасын сатып алат

Коом 0

Бишкек, 29.08.22. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлиги (СӨМ) Бирдиктүү электрондук почта системасын сатып алууну пландаштырууда.

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, пландалган сумма 40 млн 375 миң 958 сомду түзөт, тендердик табыштамаларды берүүнүн мөөнөтү 13-сентябрда аяктайт.

Техникалык тапшырмада Бирдиктүү электрондук почта системасы төмөнкү милдеттерди аткарышы керектиги белгиленет:

- мамлекеттик кызматкерлерди алардын физикалык жайгашкан жерине карабастан расмий электрондук билдирүүлөр жана электрондук документтер менен алмашуу мүмкүнчүлүгү менен камсыздоо;

- мамлекеттик кызматкерлерди жамааттык иштөө каражаттары (бирдиктүү дарек китепчеси, корпоративдик мессенжер, календарлар, байланыш тизмелери) менен камсыздоо;

- жана башкалар.

Пикир

Оставить комментарий