• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

С.Жээнбеков бир катар маморгандардын жетекчилерине тартипке чакыруу жаза чарасын жарыялады

Өкмөт 0

Бишкек, 12-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-майда, бир катар мамлекеттик органдарынын жетекчилерине өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдарды жоюу жана алдын алуу боюнча иштин начардыгынан улам тартипке чакыруу жаза чарасын жарыялады. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Төмөнкү кызматкерлерге сөгүш жарыяланды:

- Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Ахмаджан Махамадовго;

- Өзгөн райондук Мамлекеттик администрация башчысынын – акимдин биринчи орун басары Алишер Бакыевге;

- Өзгөн райондук Мамлекеттик администрация башчысынын – акимдин орун басары Ибадат Мырзаибраимовага;

- Сузак райондук Мамлекеттик администрация башчысынын – акимдин биринчи орун басары Төрөгелди Түркбаевге;

- Өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Бороновго;

- Транспорт жана жолдор министри – Жамшитбек Калиловго;

- Финансы министри – Адылбек Касымалиевге;

Эскертүү берилди:

- Саламаттык сактоо министри – Талантбек Батыралиевге;

- Билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиевага;

- Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Таалайгүл Исакуновага;

- Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү – Таалайбек Сарыбашевге;

- «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК Башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиевге.

Мындан сырткары Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна начар иштегендиги үчүн «Мамлекеттик камсыздандыруу Уюму» ААК башкармалыгынын төрагасы Бакыт Жумашевди ээлеген кызмат ордунан бошотуу тапшырмасы берилди.

Эскерте кетсек, буга чейин үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинен 3-майына чейин Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жумуш сапары менен жаратылыш кырсыктары катталган Ош жана Жалал-Абад облустарында болгон.

Өкмөт башчысы, табигый кырсыктар болгон жерлерди кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин текшерүүгө алды.

2017-жылдын 3-майында Ош шаарында өткөн селектордук жыйында Премьер-министр тарабынан Өкмөттүн Аппаратына, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жана аны жоюуда аткарылбаган иш чаралар тууралуу 10 күндүк мөөнөттө кылдат иликтеп чыгып, тиешелүү сунуш берүү тапшырылган.

Жыйынтыгында бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине дисциплинардык айыгуу жарыяланып, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аны жоюу боюнча кош көңүл мамиле жасоого жол берилбей турганы эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий