• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сабрина Суранова Түркиядагы сулуулар сынагына катышат

Коом 0

Бишкек, 5-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. 20 жаштагы Сабрина Суранова Кыргызстандын атынан Түркияда өтө турган “Miss Kemer International 2017” аттуу сулуулар сынагына катышат.

Кыргызстандагы «Beauty Company» мекемесинин директору Рыскуль Намазбекова “Кабар” маалымат агенттигине билдиргендей сынак 28-июндан тартып 12-июлга чейин Анталия шаарында өтөт.

«Мисс Кемер International» сынагы мурдагы СССР мамлекеттеринин сулууларынын арасында белгилүү. Бул сынак дүйнөдөгү кадыр барктуу сынактардын катарына кирбесе дагы, ал жогорку деңгээлде өтүп келет. Финал Кемердеги мыкты клуб, мейманканаларда эстен кеткис шоу программалардын коштоосунда жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий