• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Садыр Жапаров: Бүгүнкү күндө климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу маселе өзгөчө макамга ээ

Президент 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. “Бүгүнкү күндө айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу маселелер өзгөчө макамга ээ, ал кайсы мамлекеттин болбосун эң маанилүү капиталы болуп калды”, - деп белгиледи президентиСадыр Жапаров бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы Борбор Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы акыркы бир нече жылдан бери өлкө калкына жана жаратылышка дагы климаттын өзгөрүшүнүн терс таасири сезилип жатканын белгиледи. Кыргызстандын жана Борбор Азиянын суу ресурстарынын негизги булагы болгон кылымдарды карыткан мөңгүлөр калыбына келгис болуп эрип жатканы байкалууда. Кыргыз Республикасы глобалдык экологиялык коркунучтарды алдын алуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун иш-чараларында жигердүүлүгүн көрсөтүүдө, ошондой эле эл аралык экологиялык процесстерге активдүү катышууда, анткени биздин тоолуу өлкөдө климаттын өзгөрүүсү катуу сезилип жатат.

“Учурда өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсү көбүнчө климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуудан жана экологиянын туруктуулугун камсыз кылуудан, ыш-түтүндөрдү азайтуу боюнча чараларды ишке ашыруудан, биологиялык ар түрдүүлүктү жана жаратылыш ресурстарын сактоо боюнча негизги көйгөйлөрдүн ийгиликтүү чечилишинен көз каранды экенин белгилегим келет. БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясын кабыл алдык. Кыргыз Республикасынын демилгеси боюнча бул резолюциянын негизинде 2023-2027-жылдарды "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы" деп жарыяланган. “Беш жылдыктын” жарыяланышы тоолуу өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын экономикасына гранттык жардамдарды жана инвестицияларды тартууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Быйыл биз “жашыл экономика” чөйрөсүндөгү долбоорлорго алмаштыруу механизмин колдонуу менен мамлекеттик тышкы карызды реструктуризациялоо демилгеси менен да чыктык. Бул демилгени ишке ашыруу үчүн учурда донорлор менен “өнүгүү программаларына карызды алмаштыруу жана “жашыл экономика” чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу” механизмдерин колдонуу боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландаштырып жатабыз”, - деп билдирди Садыр Жапаров.

Бүткүл региондун экологиялык проблемаларынын актуалдуулугун эске алуу менен президент климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жоюу боюнча консолидацияланган чараларды кабыл алуу зарылдыгын белгилеп, Европа Бирлиги Кыргызстандын өнүктүрүү боюнча негизги өнөктөштөрүнүн бири катары кыргыз тараптын күч-аракеттерин колдооруна үмүт артарын айтты.

Пикир

Оставить комментарий