• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жапаров Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин музейине барды

Президент 0

Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Нур-Султан шаарындагы Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин музейине барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысына музейдин ачылышы жана анын экспонаттары тууралуу айтып беришти.

Нурсултан Назарбаевдин өмүр жолуна арналган музей 2020-жылы 1-октябрда ачылган. Аянты 40 миң чарчы метрди түзгөн бул музейде Казакстандын туңгуч Президентинин жеке коллекциясынан алынган уникалдуу буюмдар жана Казакстан мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүн баяндаган экспонаттар сакталат.

Музейде ошондой эле Нурсултан Назарбаевге Кыргызстандан тапшырылган бир нече белектер да орун алган.

Президент Садыр Жапаров музей фондунун байлыгын жана ар түрдүүлүгүн белгилеп, кызматкерлерге кызыктуу экскурсия уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы жети өзгөчө көргөзмө залдан турган музейди көрүп чыккан соң, музейдин электрондук китебине каалоо-тилектерин калтырды.

Пикир

Оставить комментарий