• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (ММБФ) төрагасы Жылдызбек Исакуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Президент мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты.

ММБФ төрагасы Жылдызбек Исакулов системаны автоматташтыруу боюнча жасалган иштер тууралуу маалымат берди. Ижарага берилген 10,5 миң мамлекеттик мүлк объектисин көрсөтүү менен электрондук реестр иштелип чыкканын маалымдады. 2020-жылы сатып алуулар боюнча электрондук онлайн аукционду киргизүү жана дагы 1261 акционердик коомдорду инвентаризациялоо пландалууда.

Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жана сатуу системасын автоматташтыруу боюнча иштер жасалганы белгиленди. Эгерде 2018-жылга чейин мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн киреше 100 миллион сомго жетпеген сумманы түзгөн болсо, 2019-жылы электрондук сатууну жана электрондук аукционду киргизүү менен бул сумма биринчи жолу 191 млн сомго жеткен.

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруудан бюджетке түшкөн сумманын жалпы көлөмү 2,4 миллиардды түзгөн.

Ошондой эле ММБФ төрагасы мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын реформалоо максатында объекттерди ижарага берүү, андан ары сатуу менен алектене турган «Аукциондук борбор» мамлекеттик мекемеси ачылганын айтты. Бул ар бир жарандын аукционго онлайн режимде катышуусуна мүмкүнчүлүк берет жана процесстин толук ачык-айкын болушун камсыз кылат.

Жылдызбек Исакулов ММБФ бардык акционердик коомдорду жана мамлекеттик ишканаларды электрондук отчеттуулукка өткөрүү боюнча иштер жүрүп жатканын маалымдады.

Мындан тышкары, мекеменин жаңы сайты иштелип чыгып, анда мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун финансылык ишмердүүлүгү, кирешелери жана чыгашалары тууралуу толук маалымат чагылдырылган.

Ошону менен бирге Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында бала бакчалардын имараттарын мамлекеттик менчикке кайтарып алуу иштери улантылмакчы.

Президент Сооронбай Жээнбеков алдыңкы санариптик технологияларды киргизүү жолу менен мамлекеттик мүлктү башкаруунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу ММБФнын ишмердүүлүгүндөгү артыкчылык болушу зарылдыгын баса белгиледи.

Бул системаны өркүндөтүү үчүн улутташтыруу механизмдеринен тышкары мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү, инвестициялык ижара, мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү механизмдерин да киргизүү керектигин белгиледи.

Ошондой эле калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөткөн бардык тармактарда «Бирдиктүү терезе» принцибин киргизүү милдети актуалдуу болуп саналат.

Мамлекеттик компаниялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ММБФ менен маалыматтык жана автоматташтырылган өз ара байланыш системасын киргизип, алардын ишин координациялоону күчөтүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий