• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Терроризм жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча лекция өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. 29-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) «Терроризм жана Интернет» аттуу темада студенттер арасында лекция өткөрдү. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш транспорт жана архитектура университетинде болуп, жаштар арасында эл аралык диний экстремисттик уюмдардардын катарына жаштардын тартылуусуна каршы жана алдын алуу максатында өткөрүлдү. Лекция студенттердин жана мугалимдердин арасында зор кызыгууну жаратты.

Маалыматка ылайык, терроризм жана диний экстремизмге каршы күрөшүү темасына багытталган лекцияларды республиканын башка окуу жайларында дагы өткөрүү иштери пландалды.

УКМК тарабынан бул багыттагы иштер уланат.

Пикир

Оставить комментарий