• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Алмазбек Атамбаевди саясий туткун деп эсептебейт

Президент 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. "Мен Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди саясий туткун деп эсептебейм", - деди президент Садыр Жапаров маалымат жыйыны учурунда.

Анын айтымында, Атамбаев бир иш менен эмес, бир нече кылмыш иши боюнча жоопкерчиликке тартылган.

"Атамбаевди мен отургузган жокмун", - деди ал.

Белгилей кетсек, учурда Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйыны өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий