• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын президенти Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун башкы катчысы менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-ноябрда, «Борбордук Азия — Европа Биримдиги» биринчи эл аралык экономикалык форумдун алкагында Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун башкы катчысы Кунио Микурия менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Президент Садыр Жапаров уюмдун башкы катчысы менен жылуу учурашып, Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк бажы уюму менен кызматташтыкка өзгөчө көңүл бөлөрүн жана Кунио Микуриянын жеке колдоосун бааларын кошумчалады.

Мамлекет башчысы Кыргызстан бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө, бажы тармагындагы кызматташтыкты күчөтүүгө кызыктар экенин белгиледи. Ушуга байланыштуу президент сентябрда бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл аралык конвенцияга Кыргызстандын кошулуусу жөнүндө мыйзамына кол койгон.

Ал уюмдун Регионалдык окуу борборунун бажы кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн арттыруудагы салымын канааттануу менен белгиледи. Анын айтымында, жакын арада Кыргызстанда уюмдун аймактык кинологиялык борбору ачылат.

«Биз бардыгыбыз Кыргызстандын жогорку географиялык потенциалын билебиз. Пандемия шарттарында өлкобүз жүк ташуу жол-жоболорун болушунча жөнөкөйлөштүрүп жана товарлардын эркин жүрүүсүн камсыздады», — деди ал.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун кызматташтыгы товарлардын эркин жана коопсуз жылуусу үчүн шарттарды түзүүгө, Бажы кызматын эл аралык стандарттарга ылайык көзөмөлдөөгө көмөктөшөөрүнө ишеним артты.

Өз кезегинде Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун башкы катчысы Уюм Кыргызстан менен кызматтыштыкты жогору бааларын белгиледи. Анын айтымында, 2019-жылдан бери Бишкекте Уюмдун Регионалдык окуу борбору бажы кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча ийгиликтүү иш алып барууда.

Кунио Микурия бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө маанилүү документтерге кол коюлушу Кыргызстан менен Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун өз ара аракеттенүүсүнө кошумча дем берерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий