• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Садыр Жапаров чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо чаралары жөнүндө айтып берди

Президент 0

Бишкек, 10.06.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-июнда, Анкара шаарында кыргызстандыктар менен болгон жолугушууда чет жердеги мекендештерди колдоо чаралары жана Түркия Республикасында мекендештердин жүрүүсүн жеңилдетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып берди.

Мамлекет башчы учурда Түркияда Кыргызстандын 30 миңден ашуун жараны жашай тургандыгын, анын 2,5 миңден ашууну студенттер экендигин белгиледи.

Түркияда кыргызстандыктарга карата төмөнкү багыттар боюнча иштер жүргүзүлүүдө:

- Кыргызстандын жарандары үчүн Түркияда иштөөгө уруксат берүүнүн эрежелери жана анын наркы кайра каралып, иштөөгө уруксат алуу үчүн арыз ээсинин эсебинен төлөм жокко чыгарылды. Учурда уруксатты Түркиядагы жумуш берүүчү төлөйт. Түркияда иштөө үчүн документтердин пакетинин жалпы наркы эми 80 долларды түзөт. Мурунку наркы болсо 283 доллар болгон.

- Визасыз режимде иштегендер Түркиядан чыгып, кайра кирем деп тынчсызданбастан, Түркияда жүрүүсүн мыйзамдаштыра алышат. Бул үчүн алар түркиялык иш берүүчүдөн маалымкат алышы керек, андан соң Түркияда иштөөгө уруксат берилет. Эгер өлкөдө болуу мөөнөтү бүтсө, ага айыппул салынат.

- 2020-жылдын 1-ноябрында эки өлкөнүн ортосундагы Административдик макулдашуу күчүнө кирген. Ага ылайык, эки республиканын жарандарынын социалдык жана пенсиялык камсыздандыруу жаатында бирдей укуктарын белгилөө каралган.

- Ошентип 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып Кыргызстандын жарандары Түркиянын тиешелүү органдарына өздөрүнүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен пенсия алуу үчүн кайрыла алышат. Эң башкысы, жумуш берүүчүлөр менен расмий түрдө эмгек келишимдерин түзүү керек.

Мамлекет башчысы ошондой эле өткөн жылы пандемия учурунда Мекенине колдоо көрсөткөн, ошондой эле Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуялардан жабыркаган калктуу конуштарды калыбына келтирүүгө салым кошкон мекендештерге ыраазычылык билдирди.

«Урматтуу кыргызстандыктар, бизге тынчтык керек. Кыргызстан - укуктук мамлекет. Кыргызстан бардык эл аралык келишимдерди карманат жана аны мындан ары да улантат. Бир тууган Түркия бизге түрк тилдүү өлкө катары жакшы мамиле жасап, Баткен аймагындагы талкаланган имараттарды курууга жардам көрсөтүү демилгесин көтөрүп жаткандыгын баса белгилегим келет», - деп айтты ал.

Президент Садыр Жапаров жакынкы жылдары түрдүү тармактарда өлкөнүн социалдык-экономикалык ыраттуу өнүгүүсүн камсыздоо, анын ичинде Мекенинде иштөөгө жагымдуу шарттарды түзүү боюнча болушунча чаралар көрүлөрүн баса белгиледи.

Мамлекет башчысы мекендештерине чың ден соолук, өсүп-өнүгүү, ал эми үйүнөн алыс жүргөн ар бир кыргызстандыктын үй-бүлөсүнө бакубатчылык каалады.

Андан соң жолугушуу «суроо-жооп» форматында улантылды.

Мекендештер Президенттин катышуусу менен өтүүчү бул иш-чараны чыдамсыздык менен күтүшкөнүн баса белгилешти. Алар ачык баарлашууга жана Мамлекет башчысынын өзүнө суроолорду берүү мүмкүнчүлүгү болгонуна ыраазычылыктарын билдиришти.

Мекендештер миграциялык саясат, жумушка орношуу, виза режимин жөнөкөйлөтүү, жарандык алуу, медициналык кызмат көрсөтүү, кыргызстандыктарды дарылоо үчүн квота берүү маселелерине кызыгышты. Ошондой эле, жеке мүнөздөгү жана башка суроолор дагы берилди.

Мындан тышкары, алар Баткен облусундагы абал, аймакка өзгөчө макам берүү, инфраструктуралык маселелердин чечилиши тууралуу дагы сурашты.

Президент Садыр Жапаров, расмий делегациянын мүчөлөрү - министрлер мекендештердин суроолоруна жооп беришти. Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар конкреттүү тапшырмаларды берип, Кыргызстан бардык эки тараптуу жана эл аралык механизмдерди колдонуу менен чет өлкөлөрдөгү мекендештердин укуктарын коргоо боюнча зарыл чараларды көрө тургандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий