• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Япониянын премьери Фумио Кисида менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент 0

Бишкек, 20.11.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда, Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарында өлкөнүн премьер-министри Фумио Кисида менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын абалы жана келечеги, анын ичинде “Япония +Борбор Азия” форматы талкууланды.

Премьер-министр Фумио Кисида президент Садыр Жапаров менен жолугушууга жана анын өлкөгө болгон сапарына кубанычта экенин белгиледи.

Ал Кыргызстан Япониянын дос-өнөктөшү экенин баса белгилеп, Кыргыз Республикасы менен бир катар багыттар боюнча кызматташууну активдештирүүгө даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, Фумио Кисида Япония Өкмөтүнүн Кыргызстан менен соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдө өз ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүүгө даярдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров япон тарапка меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Япония Кыргызстан үчүн дос жана духу жагынан жакын өлкө экенин белгиледи.

Мамлекет башчысы Япониянын колдоосунун аркасында Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн чыңдоого зор салым кошкон конкреттүү долбоорлор жана программалар ишке ашырылганын баса белгиледи.

Садыр Жапаров бүгүн кол коюлуп жаткан жаңы саясий документти – Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы жаңы доордогу достук жана ар тараптуу өнөктөштүк жөнүндө Биргелешкен билдирүүнү өзгөчө канааттануу менен белгиледи.

Бул документ эки мамлекеттин ортосундагы достуктун жана мамилелердин тарыхында жаңы доордун, жаңы барактын башталышын билдирет.

Учурдан пайдаланып, президент Садыр Жапаров премьер-министр Фумио Кисиданы Кыргызстанга ага ыңгайлуу болгон убакта келип кетүүгө чакырды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык жүгүртүүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатуу максатында соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссия түзүү маселесин кароо сунушталды.

Мындан тышкары, тараптар Инвестицияларды өз ара коргоо боюнча келишимге кол коюуну иштеп чыгууга макулдашты.

Тараптар сапардын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташтык мындан да жогорку деңгээлге көтөрүлөт деген ишенимин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий