• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Садыр Жапаров: Коррупция менен күрөшүү – бир жолку эмес, туруктуу аракет болушу керек

Курултай 0

Бишкек, 15.23.23. /Кабар/. “Коррупция менен күрөшүү – бул бир жолку аракет эмес, бул туруктуу аракет болушу керек”, - президент Садыр Жапаров бүгүн экинчи Элдик Курултайда сүйлөп жатып билдирди.

Мамлекет башчысы коррупцияга каршы жигердүү күрөш жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

“Коррупция – бул биздин элдин гана эмес, бардык мамлекеттердин балээси. Коррупциянын айынан мамлекетибиз дээрлик 30 жылдан бери өнүкпөй, белгилүү бир адамдар гана байып, карапайым эл көр тирлиги менен эле күн өткөрүп калган. Азыркы учурда коррупцияга каршы иш-чаралар катуу жүрүүдө. Миллиарддаган акчалар мамлекеттик казынага кайтарылып жатат.

Бул жаатта күч органдары, анын ичинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өзүнүн жумушун жогорку деңгээлде аткарып жатканын баса белгилейм. Атайын кызматтын иштерин жамы журтубуз да колдоп-коштоп жатышат. Жерибиздин тынчтыгын, элибиздин бейпил жашоосун камсыздап, коркунуч туудурган ар бир көрүнүш менен олуттуу күрөшүүдө.

Анын ичинде уюшкан кылмыштуу топторго каршы элдешкис күрөш жүргүзүлүүдө. Коррупция менен күрөшүү – бул бир жолку аракет эмес, бул туруктуу аракет болушу керек. Коомдун бардык деңгээлдеринде коррупцияны алдын алуу үчүн биз дайыма сак болушубуз керек. Цивилизациялуу мамлекеттин дагы бир маанилүү көрсөткүчү – уюшкан кылмыштуулуктун жоктугу”, - деди Садыр Жапаров.

Президент кылмыш элементтери бар өлкөгө бир дагы инвестор инвестиция салбай тургандыгын айтты. Мындан тышкары, айрым аткаминерлер тарабынан дагы деле инвесторлордун ишине тоскоолдук кылып, паракорчулук, лоббизм байкалууда. Бул көрүнүштөрдүн баары өлкөнүн имиджине зыян келтирет. Ошого байланыштуу, коррупцияга каршы аёосуз күрөш уланат жана мындан ары да күчөтүлөт!

“Өлкөбүздө укук коргоо жана соттор арасындагы коррупцияны жоюу боюнча да күрөш жүрүүдө. Буга чейин жүргүзүлүп келген реформалар жетишээрлик натыйжа бере элек. Айрым мыйзамсыз аракеттерди тымызын жасаган кызмат адамдарын жоопко тартуу кыйынчылыктарды жаратууда. Бирок коррупцияга каршы күрөш биздин приоритеттүү багытыбыз болгондуктан, ал тынымсыз улантылат! Өткөн айда эле менин Тескемем менен 2025-2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү.

Анын курамына мамлекеттик органдардын, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер киргизилип, жумушчу топко коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча натыйжалуу иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча план иштеп чыгуу тапшырмасы берилди”, - деп Мамлекет башчысы кошумчалай кетти.

Президент сот жана прокуратура органдары сот адилеттүүлүгүнүн жана мыйзамдуулуктун кепили болгондуктан, өлкөдө сот адилеттүүлүгү жогорку деңгээлде жүргүзүлүүсү жана мыйзамдуулуктун сакталышы үчүн кызмат кылышы керектигин өзгөчө белгиледи. Акыйкат издеп кайрылган ар бир жаран мыйзамдуу талаптары ишенимдүү корголоруна терең ишениши керек.

Пикир

Оставить комментарий