• 88.68
  • 95
  • 0.95

Улукбек Марипов Египеттин ТИМ башчысы менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Резиденциясы Эр-Рияд шаарында жайгашкан Кыргызстандын Египеттеги элчиси Улукбек Мариповдун Египеттин президентине ишеним грамотасын тапшыруу аземине катышуу үчүн Каир шаарына болгон иш сапарынын алкагында Египеттин тышкы иштер министри Самех Шукри менен жолукту.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиршкендей, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Улукбек Марипов Самех Шукриге КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин жылуу саламын жана каалоолорун жолдоп, аны өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Ошондой эле Марипов Кыргызстандын өкмөтүнүн атынан Египеттин өкмөтүнө Газа тилкесинен Кыргызстандын төрт жаранын ийгиликтүү эвакуациялоого көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи министр С.Шукри менен кыргыз-египет кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады.

Тараптар ар түрдүү деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, соода-экономикалык байланыштарды жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, түз аба каттамдарды ачуу, эки тараптуу туризмди өнүктүрүү, ошондой эле укуктук-келишимдик базаны кеңейтүү аркылуу саясий байланыштарды мындан ары активдештирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибинин эң актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

мындан тышкары, жолугушууда тараптар жакынкы аралыкта кыргыз-египет өкмөттөр аралык кызматташуу комитетин түзүү жана анын биринчи отурумун өткөрүү зарылдыгын өзүнчө талкуулашты.

Эл аралык жана аймактар аралык уюмдардын алкагында эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүнүн аспектилери боюнча тараптар БУУнун шайлануучу органдарында өз өлкөлөрүнүн талапкерлерин өз ара колдоо маселелерин талкуулашты. Бул контекстте элчи Марипов 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдоо өтүнүчү менен Египет тарапка кайрылды.

Тараптар ошондой эле жолугушууда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, анын ичинде алдыдагы ар кандай деңгээлдеги иш сапарлардын жүрүшүндө кол коюу пландалып жаткан түрдүү тармактардагы келишимдердин долбоорлорун илгерилетүү боюнча мындан аркы кадамдарды жана пландарды белгилешти.

Жолугушуунун соңунда Марипов дипломатиялык миссиясынын жүрүшүндө эки дос өлкөнүн ар түрдүү тармактардагы мамилелерин кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча КР президенти Садыр Жапаров тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Өз кезегинде министр Шукри эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча элчи Улукбек Марипов менен болгон жолугушууда айтылган бардык сунуштарды колдоп, аны Кыргызстандын Египеттеги элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктоо менен бирге ага жемиштүү иш жана дипломатиялык миссиясына ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий