• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Монголия парламентинин төрагасы Гомбожавын Занданшатарды кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-февралда, Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатарды кабыл алды.

Эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдеги кыргыз-монгол кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелери талкууланды.

Президент Садыр Жапаров акыркы жыл ичинде Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы кызматташтыкта оң динамика байкалганын, тактап айтканда, саясий диалог кеңейтилгенин жана экономикалык байланыштар активдүү алга жылып жатканын белгиледи. Билим берүү тармагында жетишилген макулдашуулардын алкагында кыргыз жана монгол тилдерин үйрөнүү үчүн студенттер менен алмашуу жигердүү ишке ашырылууда.

Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн, ошондой эле тоо-кен тармагында кызматташуунун чоң мүмкүнчүлүктөрүн баса белгиледи.

Президент жолугушуунун жүрүшүндө монгол тарапка Кыргызстандын Азия автомобиль жолдору тармагы боюнча эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө макулдашууга кошулуусун, ошондой эле 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы ар кыл багыттар боюнча, өзгөчө парламенттер аралык кызматташтык чөйрөсүндө кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экендигин айтты. Гомбожавын Занданшатар белгилегендей, Монголияда Кыргызстандын кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча жигердүү аракеттери кубатталууда. Монголия парламентинин спикеринин айтымында, бул жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзгөндүктөн, монгол инвесторлору Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө кызыкдар экенин билдиришүүдө.

Ошондой эле жогорку даражалуу мейман президент Садыр Жапаровго Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун жолдогон катын тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы терең тарыхый жана маданий байланыштарды, жалпы көчмөн маданиятынын жана каада-салттарынын бай мурасын баса белгилешти.

Президент Садыр Жапаров сапардын жүрүшүндө кол коюлган эки тараптуу документтер өлкөлөр ортосундагы достук мамилелердин мындан ары да бекемделишине күбө экенин баса белгиледи. Ал Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурелсухка өзүнүн саламын жана эң жакшы каалоолорун айтып, аны ага ыңгайлуу болгон убакта Кыргызстанга расмий сапар менен келишин күтүп жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий