• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров: Реалдуу секторду өнүктүрүү — экономикалык өнүгүүнү камсыздайт

Президент 0

Бишкек, 27.07.22. /Кабар/. Садыр Жапаров президенттик кызматта турган 500 күн боюнча гезиттин атайын саны басылды.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анда өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана алардын динамикасы, статистикалык маалыматтар келтирилет. Алсак, “Бюджеттин көбөйтүлүшү”, “Кумтөр кенинин Кыргызстанга кайтарылышы”, “Социалдык тармактагы жөлөк пулдардын жогорулоосу” өңдүү темалар камтылган.

"Эл кызматында 500 күн" макаласынан үзүндү келтиребиз;

«Реалдуу секторду өнүктүрүү — экономикалык өнүгүүнү камсыздайт»

"Мамлекеттик ишканалар жөнүндө сөз болгондо, аларды өнүгүүнүн куралы катары кароо зарыл, алар экономиканын локомотиви болушу керек. Бул үчүн өнүктүрүү инструменттери жана механизмдери болушу шарт. Экономиканы реформалоо максатында жаңы заводдорду ишке киргизүү жана реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бир нече ишканалар түзүлдү:

Нет описания.

— Айыл банктын азыркы уставдык капиталы 5,5 млрд сомдон 100 млн долларга жеткирилет.
— РСК банктын азыркы уставдык капиталы 5,4 млрд сомдон 100 млн долларга жеткирилет.
— Керемет банктын уставдык капиталы — 8,7 млрд сом.
— Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын азыркы уставдык капиталы 2 млрд сомдон 100 млн долларга жеткирилет.
— Уставдык капиталы 1 млрд сом болгон «Кыргызиндустрия» акционердик коому түзүлдү. Тигүү жана эмерек тармактары үчүн фурнитураларды жана көмөкчү материалдарды чыгаруу, көп функциялуу принтерлерди, Wi-Fi роутерлерди, контролдук-кассалык машиналарды, жеке компьютерлерди, ошондой эле башка инновациялык элементтерди чогултуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.
— “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги 8 млрд сом уставдык капиталы менен түзүлүп, бул тоо-кен, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенүүдө.
— Уставдык капиталы 1 млрд сом болгон Туризмди өнүктүрүү фонду түзүлгөн. Аталган фонд ушул жылы эле 34 долбоорду ишке ашыра баштайт. Анын ичинде 10 инфраструктуралык жана 9 маалыматтык.

Пикир

Оставить комментарий