• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров “Россия – БА” саммитинде миграция маселелерине токтолду

Президент 0

Бишкек, 14.10.22. /Кабар/. «Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Россия Федерациясынын элдеринин ортосундагы тыгыз байланыштарды жана учурдагы экономикалык кырдаалды эске алуу менен, биздин жалпы күн тартибибиздеги актуалдуу маселелердин бири миграциялык процесстер, эркин жүрүү, жумуш менен камсыз кылуу жана жумушчулардын жашоо шарттары болуп саналат», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Астана шаарында (Казакстан Республикасы) «Россия — Борбордук Азия» саммитинде.

Эмгек ресурстары экономикада өтө маанилүү роль ойногондуктан Мамлекет башчысы жарандардын иш менен камсыз болгон мамлекеттерде болушу үчүн эң ыңгайлуу шарттарды, анын ичинде жөнөкөйлөштүрүлгөн каттоо тартибин түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биздин жарандардын жумушка орношууга бирдей мүмкүнчүлүктөрү жана белгилүү артыкчылыктары болгону менен иш жүзүндө ишке орношууда дагы деле тоскоолдуктар бар.

Ушуга байланыштуу бюрократияны жана кагаз жүгүртүүнү азайтуу максатында санариптик технологияларды ишке киргизүү, жумушчулардын жумушка орношкон мамлекеттерге оңой кирүү, каттоону жеңилдетүү, ошондой эле иштеп жаткан келишимдер алкагында медициналык жардамга жана камсыздандырууга толук жетүү укугун ишке ашыруу зарыл», — деди Садыр Жапаров.

Ошону менен бирге ал, жалпы тарых, окшош маданий-тиричилик салттар жана орус тили биздин Саммитке катышуучу өлкөлөрдүн элдеринин ортосундагы негизги бириктирүүчү өзөк болуп кала берерин белгиледи.

«Тарыхый тажрыйба жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы көп жылдык мамилелер маданий-гуманитардык, руханий байланыштар өз ара аракеттенүүнүн башка формаларына караганда көп эсе күчтүү экенин далилдеди. Дал ушул негиз биздин жарандарды жакындаштырып, өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык мурастарды сактоо жана көбөйтүү жоопкерчилигин жүктөйт.

Маданият күндөрүн үзгүлтүксүз өткөрүү практикасын улантууну, маданий фестивалдарга, концерттерге, көргөзмөлөргө, форумдарга өз ара катышууну, билим берүү, спорт, улуттук азчылыктарды колдоо жаатындагы кызматташтыкты активдештирүү маанилүү деп эсептейбиз», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий