• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров жубайы менен бирге Франция президентинин атынан кабыл алуу иш-чарасына катышты

Президент 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Парижде Франциянын президенти Эммануэль Макрондун атынан мамлекет башчыларын жана биринчи айымдарды кабыл алуу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Кабыл алуу Париж тынчтык форумуна катышкан мамлекеттердин башчыларынын урматына өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров күн мурун Париж шаарына (Франция) иш сапары менен келди. Мамлекет башчысы Париж тынчтык форумунун алкагында «Бир планета» саммитинин ишине, ошондой эле ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына катышат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий