• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сагынбаев: Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал президенттин көзөмөлүндө турат

Президент 0

Бишкек, 25.07.19. /Кабар/. «Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал Президент Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүндө турат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 25-июлда Мамлекет башчысынын жетекчилиги астында өткөн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу жумушчу кеңешменин жыйынтыгында.

Дамир Сагынбаев азыркы учурда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдары окуянын себептерин бирге иликтөө, жаңжалдын чыгышына күнөөлүүлөрдү аныктоо, келечекте чек арада чыр-чатактарга жол бербөө боюнча эки тараптуу чараларды кабыл алуу жөнүндө макулдашууга жетишкенин баса белгиледи.

«Бүгүн жол ачык. Кырдаал туруктуу. Жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Ал эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн деңгээлинде эксперттердин сүйлөшүүлөрү улантылып жатканын, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу топторунун жакында, 6-июлда болуп өткөн сүйлөшүүлөрүндө акыркы эки жылда биринчи жолу маселе чечиле баштаганын эске салды.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Тажикстан менен ынак кошуналык мамилелерди орнотуу, эки республиканын жана жалпы аймактагы чек ара коопсуздугун камсыз кылуу кыргыз тараптын багыты экенин белгилеп, Бишкек жана Дүйшөнбү ортосундагы жогорку деңгээлдеги диалог активдешип жатканын өзгөчө баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий