• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Солтон-Сарыдагы малдын кырылышынын себеби айтылды

Аймак 0

Бишкек, 25.07.19. /Кабар/. Солтон-Сарыда малдын кырылганы боюнча экспертиза жасалып, малдын мите ооруларынын, топурактын жана суунун анализи жасалды. Бул тууралуу Нарын облусунун Солтон-Сары жайлоосундагы жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Калыс Жумаканов билдирди.

Анын айтуусунда, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча малдын 66% өпкө, боор жана ичегинин мите ооруларынан кырылган.

"Малга вакцина жасоо боюнча алдын алуу иштери толук кандуу жүргүзүлгөн эмес. Тийиштүү вакцинация жасалбаса, мал дагы кырылат. Ошондуктан жарандар бул маселелерди чечүүгө олуттуу кароого тийиш", - деди Калыс Жумаканов.

Ал кошумчалагандай, экспертиза Jhong ji Mining кытай компаниясынын ишине байланыштуу эч кандай зыяндуу заттар жоктугун көрсөттү, адамдардын жана малдын саламаттыгына таасирин тийгизген заттар аныкталган эмес.

Мамлекеттик санитардык жана эпидемиологиялык кызматтын башчысы Төлөнбай Исаков билдиргендей, топурак жана суу текшерилип, натыйжада цианид аныкталган эмес. Ал ошондой эле Солтон-Сары кениндеги жана жайлоосундагы радиациясынын деңгээли ченемдерге дал келерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн КРнын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жумуш сапары менен Нарын облусунун Солтон-Сары жайлоосундагы кенге барып, андагы жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Кубатбек Боронов кендеги объекттерди жана карьерлерди көрүп чыкты.

Бул тилкеде кен иштетүүгө уруксат алган Jhong ji Mining кытай компаниясынын өкүлдөрү жасалып жаткан кен иштери тууралуу айтып беришти.

Биринчи вице-премьер-министр жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууда Солтон-Сарыда мал кырылгандыгына байланыштуу атайын комиссия бир катар лаборториялык экспертизаларды жүргүзгөнүн айтты.

Эске салсак, мындан мурда социалдык тармактарда Солтон-Сары жайлоосунда өлгөн койлордун тасмасы чыккан. Анда чабандар малдын өлүп жатканына ал жерде кен иштеткен кытайлык компанияны айыптайт.

Солтон-Сары жайлоосунда өлгөн малдан мышьяк менен нитраттын издери табылган.

Пикир

Оставить комментарий