• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Саясат таануучу: Быйылкы шайлоодо мурдагыдай бийликтин партиясы деген жок

Коом 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Саясат таануучу, медиа эксперт Кубан Абдымен "Биринчи радионун" түз эфиринде азыркы парламенттик шайлоо таптакыр башкача болуп, күтүлбөгөн жыйынтыкка алып келерин билдирди.

Анын айтымында, буга чейинки шайлоолордо бийликтин партиясы болуп келген. "2015-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДП партиясы бийликтин партиясы деп эсептелинген. Азыр шайлоого аттанып жаткан партиялардын тизмегин көргөн адам кайсынысы бийликтин партиясы экендигин айта албайт. Ошол эле учурда шайлоого катышып жүргөн партиялар арасында кайра шайлоого аттангандар да бар. Бул парламенттик шайлоого катышам дегендердин арасында чатак окуялары болуп, сотко кайрылганы менен айырмаланды. Буга чейин үч партия сотко кайрылышкан. Соттун чечими менен эки партия шайлоого катышып, бир партия четтетилди. Чындыгында кезектеги шайлоо элдин арасында абдан чоң тандоо бар экендигин көрсөткөн шайлоо катары кабыл алышыбыз керек", - дейт ал.

Саясат таануучу белгилегендей, 16 партиянын катышып жаткандыгын эл билип, кимге добуш берерине көз салып, байкап, ойлонуп жаткандыгын көрүп жатабыз.

"Албетте, азыр кайсы партия канча добуш алаарын айтуу кыйын, анткени бардык партиялар колунан келген аракетти көрүүдө. Эки партиянын сотко кайрылуусунун оң жана терс жактары бар. Мисалы, сот жараяны - бул дароо терс көрүнүштөрдү жаратат, ошону менен бирге алар бул жарышта бир аз убакытты жоготушту. Бирок ошол эле учурда сот процесси аларды жарыя кылды - бул оң жагы. Жада калса, алар жөнүндө укпаган адамдар дагы ал партияны билип калышты. Бул дагы алдыдагы шайлоодогу айырмачылыктардын бири, анткени буга чейин мындай нерсе болгон эмес, - деди эксперт.

Кубан Абдымен азыр өлкөдө саясий партиялардын үгүт иштери башталганын айтат. "Партиялардын бир тобу буга чейинки кылынган иштердин бардыгына каршы келе турган ураандарды айтып жатат. Системаны түшүнүп-түшүнбөй туруп, аны атайылап элге айтып жаткандыгы көрүүгө болот. Ушуну менен алар шайлоочуларды өзүнө тартууну көздөп жатышат", - деп белгиледи саясат таануучу.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий