• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Саламаттык сактоо министри Бишкектеги башалмандыктан жабыркагандардын абалы тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Бүгүн "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Бишкектеги башалмандыктан жабыркагандардын абалы тууралуу айтып берди.

Министрдин айтымында, ал 5-октябрдагы митингде жаракат алып Улуттук госпиталь жана Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда дарыланып жаткан бейтаптарды көрүп келген.

"Жалпы жабыркагандардын саны 1 миң 2 кишини түзөт. Алардын ичинен 204 киши ооруканада жатат, 34ү айыгып чыкты. Бүгүнкү күнү 1 киши реанимацияда жатат. Алар бардык дары-дармек менен камсыз болгон", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий