• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Саламаттыкты сактоо министри депутатты сылык болууга жана абайлап сүйлөөгө чакырды

Коом 0

Бишкек, 9-март /Кабар/. “Мен башкалардын эмгегин өздөштүрүп алган жокмун”, -деди Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев депутаттын суроосуна жооп берип жатып.

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева министр Талантбек Батыралиевди башкалардын эмгегин өздөштүрүп алган деп айыптап, аны алдабоого чакырды.

“Кечээ НТСтен сиздин интервьюңуз чыкты, анда сиз КСДП партиясы – бул сизге каршы чыгып жаткан белгилүү күч экенин, сиз азыр биз менен күрөшүп жатканыңызды айттыңыз. Эч нерсеге карабастан сиз өз пикириңизде калыптырсыз. Эң кызыгы Дары-дармек менен камсыздоо департаментиндеги кызыкчылыкка каршы чыгыптырсыз, ошол себептен депутаттар сизге каршы чыгып жатыптыр. Бүткүл өлкөнү алдаган ушундай эки жүздүү адам кантип болсун? Туура бир жыл мурда мен бул тууралуу айтканмын, сизге кайрылганымда сиз мага мен болгон күчүмдү жумшайм деп айткансыз. Эмне үчүн сиз башкалардын эмгегин өздөштүрүп жатасыз”, -деп ачууланды депутат.

Өз кезегинде Т.Батыралиев биринчиден сүйлөгөн сөздү абайлап сүйлөөгө, кызуу кандуулукка алдырбоого чакырды. “Сиз мага эмне десеңиз дагы сылык болушуңуздар керек. Экинчиден, мен башканын эмгегин өздөштүргөн жокмун. Биздин сүйлөшүү Балтабаевдин жетекчилигинде бир нече депутаттык комиссия түзүлгөнү, алардын жыйынтыгында бардык укук коргоо органдарынын корутундусу аны жоопкерчиликке тартууга негиз бербегени жөнүндө болгон. Депутаттык комиссиянын бардык корутундусун көтөрүп көрсөңүз сиз буга ынанасыз. Ооба, мен интервью бергем. Дагы бир жолу көңүл коюп көрсөңүз, мен ал жакта эч кимге тийишкен жокмун. Мен жөн гана өзүмдүн көз карашымды коргодум”, -деди министр.

Пикир

Оставить комментарий