• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматы 22 миңден ашык бөтөлкө алкоголду мыйзамсыз жүгүртүүдөн тартып алды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.01.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Бишкек, Ош шаарлары жана Талас облусундагы рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө алкоголдук продукцияны тийиштүү лицензиясыз жана уруксат берүүчү документтерсиз сатуу максатында мыйзамсыз сактоо фактыларын аныктады.

Салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мыйзамсыз жүгүртүүдөн ар кандай идиш жана аталыштагы 22 миң 378 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынды. Анын ичинен Бишкек жана Ош шаарларынан 2 миң 441 бөтөлкө, Талас облусунан 19 миң 937 бөтөлкө.

Ишкердик субъектилерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий