• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ак-Ордодо үйгө терезеден кирип, турмуш-тиричилик техникаларды уурдагандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. Ак-Ордо конушунда үйгө терезеден кирип, турмуш-тиричилик техникаларды уурдагандар кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук милициясына 21-январь күнү А.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 00:20дөр чамасында Ак-Ордо жаңы конушунда белгисиз жарандар үйгө терезеден кирип, турмуш-тиричилик техникаларын уурдап, белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2,4-пунктту (“Уурулук”) фактысы менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 56 жаштагы И.С. жана 53 жаштагы С.У. аттуу жарандар кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киризилген. Аларга карата Ленин райондук соту тарабынан 20 күндүк мөөнөткө кармоо менен камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы колдонулган.

Азыркы учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча тийиштүү тергөө иштери жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий